www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жекшембиге караган түнү Израилдин көчөлөрүнө жарым миллиондон ашуун адам нааразылык акциясына чыгышты. Жергиликтүү басма сөздүн айтымында, бул өлкөнүн тарыхындагы эң ири демонстрация. Тель-Авивде эле өкмөткө каршы митингге 200 миң адам катышты.

Израилде нааразылык акциялары эки айдан бери токтой элек. Оппозиция жана көп сандаган тургундар Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган сот реформасына нааразы.

Сунушталган өзгөртүүлөр сот бийлигин мыйзам чыгаруу жана аткаруу системаларына таасир этүү укугунан ажыратат. Буга чейин Жогорку Сот Конституцияга каршы келет деген негизде парламент кабыл алган мыйзамдарды токтото алмак. Эми парламенттин көпчүлүк добушу менен соттун ветосун жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тартипке ылайык, Кнессетте көпчүлүккө ээ болгон партия каалаган мыйзамды кабыл алат же жокко чыгара алат.

Оппозиция жана көп сандаган демонстранттар бул өзгөрүүлөрдү демократиялык принциптерге кол салуу катары баалап жатышат. Митингчилер сот реформасы бийликти бөлүштүрүү жана тең салмактуулук принцибине доо кетирип, диктатурага жол ачат деп чочулашууда.

Беньяминдин өкмөтү азырынча демонстранттар менен байланышуудан качты. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин дооматына ылайык, сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектөө элдин эркин билдирет.

Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Нетаньяхунун администрациясы АКШны нааразылык акцияларын каржылаган жана уюштурган деп айыптаган.

Израилдин президенти Ицхак Герцог өкмөт укуктук реформалардан баш тартышы керек деген билдирүү жасады.

Буга чейин маалымдагандай, Б.Нетаньяху өлкөнүн тарыхына премьер-министр катары сотко тартылган биринчи саясатчы катары кирген. "Ликуд" партиясынын лидери паракорчулук, алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталган.

Саясий кризистен жана кайра-кайра шайлоолордон кийин ал кайрадан мамлекеттин башына келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости