www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек 2027-жылы туристтер арасында популярдуулугу эң тез өсө турган шаарлардын рейтингинде 1-орунду ээледи. Skyscanner платформасынын маалыматына ылайык, Кыргызстан борборуна авиабилеттерди издөө көрсөткүчү бир жылда 501 пайызга өскөн.

Экинчи орунду Египеттин Хургада шаары (+186%), үчүнчү орунду Швециянын Мальмё шаары (+103%) ээледи.

Time Out басылмасы Бишкек туристтерди тоо пейзаждары, жөө саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү жана көчмөн маданияты менен кызыктырарын белгилеген. Ошондой эле Ала-Арча улуттук паркы жана Ош базары чет элдик туристтерге сунушталган жайлардын катарына кирген.

Белгилей кетсек, 501 пайыздык өсүш туристтердин же сатылган билеттердин саны эмес, авиабилеттерди издөө көрсөткүчүнө тиешелүү.

Последние новости