www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бактыбек Анаркулов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Аны жамаатка Минкаб төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тааныштырды.
Бактыбек Анаркулов 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында туулган.
1987-1991-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен гидротехник-инженер адистигин аяктаган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 1997-жылы юридикалык билим алган.
Буга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аркалаган, Аламүдүн районунун акими болгон. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.