www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Чжэцзян провинциясында жалгыз жашаган улгайган адамдарга кам көрүү үчүн «ижарага бала» кызматы популярдуулукка ээ болууда.
Кызмат көрсөткөндөр карыларга азык-түлүк сатып берип, ооруканага коштоп барып, кан басымын өлчөп, баарлашып турушат. Эки сааттык кызматтын баасы орточо 150 юанды (21 доллар) түзөт.
Маалыматка ылайык, Кытайда 60 жаштан ашкан 323 миллион адам жашайт. Алардын 130 миллиондон ашыгы үй-бүлөсүнөн өзүнчө жашайт.
Адистер бул кызмат жалгыздыкты азайтууга жардам берерин белгилешет. Бирок алдамчылык коркунучу жана карыларга психологиялык жактан терс таасир тийгизүү маселелери да бар.