www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак-Кеме» мейманканасында казино ачылат

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы дагы бир казинонун ишмердүүлүгүнө лицензия берди. Бул маалыматты мекеме тастыктаганын Kaktus.media басылмасы жазды.

Мамлекеттик кызматтын маалыматына ылайык, «Апекс Эйс» ЖЧКсы лицензияны 2026-жылдын 12-октябрында алган.

«Апекс Эйс» казиносу Президенттин Иш башкармалыгынын балансында турган «Ак-Кеме» мейманканасында иштейт.

Юстиция министрлигинин реестрине ылайык, «Апекс Эйс» жеке компаниясы 2026-жылдын июнь айында катталган. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — казино иштетүү, анын ичинде «сүзүүчү» казинолорду уюштуруу.

Компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси — Аблак Нурасыл.

Последние новости