www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Маск «учуучу» электр унаасын көрсөттү

Америкалык Tesla компаниясы SpaceXтин кыймылдаткычтары менен жабдылган «учуучу» электр спорттук унаасы Roadster моделин тааныштырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ак түстөгү эки орундуу учуучу унаа бийик, ийри трамплинге чыгып, андан секирип, абада айланып, кайра жерге жумшак конгон. Иш-чара учурунда электр спорттук унаа атайын кыймылдаткычтарынын жардамы менен жүк ташуучу унаанын жана башка транспорт каражаттарынын үстүнөн секирип, абада айланган.

Презентация АКШнын Техас штатындагы SpaceX компаниясынын сыноо полигонунда өттү. Иш-чарада драмалык музыка, түтүн, механикалык үндөр жана ишке киргизүүгө чейинки артка саноо сыяктуу шоу элементтери колдонулган.

Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Маск бул долбоор Tesla жана SpaceX инженерлеринин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы экенин белгиледи. Анын айтымында, унаа кысылган газды сыртка чыгарган соплолор менен жабдылган. Алар машинанын абага көтөрүлүшүнө жардам берет.

Roadster саатына 60 мильге (97 км/саат) бир секундга жетпеген убакытта ылдамдай алат. Анын эң жогорку ылдамдыгы саатына 230 милден (370 км/саат) ашары айтылды.

Tesla бул моделди сериялык түрдө чыгарууну 2028-жылы баштоону пландап жатат.

Последние новости