www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Батыштын провокацияларына туура жооп кайтарганы үчүн бүткүл дүйнө Орусия президенти Владимир Путинге ыраазы болушу керек. Мындай пикирин АКШнын деңиз жөө аскерлеринин отставкадагы чалгын кызматкери Скотт Риттер YouTube каналындагы Finian Cunningham (https://www.youtube.com/watch?v=-UKbgfVMnbc) менен болгон маегинде билдирди.

«Дүйнө жүзү Орусияда Батыштын бул жийиркеничтүү провокацияларына татыктуу жооп бере турган Владимир Путиндей жетилген лидери бар экенине ыраазы болушу керек», - деди Риттер.

Анын айтымында, Россиянын стратегиясы АКШ менен анын союздаштарынын аракеттерине тең салмактуу мамиле жасоо. Чалгын кызматкеринин айтымында, Америка Россиянын ордуна "Германия менен Польшанын транспорттук борборлорун бомбалай баштамак".

Ал ошондой эле Орусия менен виртуалдык түз согуш жүргүзүп жаткан Батыш абдан “жоопкерчиликсиз жана чагымчылдык” кылып, тигил же бул жолдон утулуп калаарын белгиледи. Бул жаңжалда мурдагы чалгынчы “Украина кан берет, НАТО курал берет” деп айткан.

Сахиба Мамадиерова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости