www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Уттар-Прадеш штатында жаңы үйлөнгөн жубайлар нике түнүндө табышмактуу түрдө каза болушту. Бул тууралуу India Today басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя штаттын түндүгүндөгү Бахрейч районундагы айылдардын биринде болгон. 22 жаштагы жигит 20 жаштагы сүйүүктүүсүнө үйлөнүп, той бүткөндөн кийин өз бөлмөсүнө кирип кетишкен. Эртеси жаш жубайлардын жансыз денеси табылган. 

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында түгөйлөрдүн жүрөк оорусунан улам каза болгону аныкталган. Бул маалыматты Индиянын полиция кызматкерлери тастыктаган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости