www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.Н. жана кызматкер С.К. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жарандардын Достук айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелерине байланыштуу жазган арыздарынын негизинде кармалган.
Милиция 185тен ашык жарандан арыз түшкөнүн белгиледи.
Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Милиция кармалган тараптардан зыян тарткандарды 0 (500) 432 815, 0 (706) 411 515 же 102 номурлары аркылуу байланышка чыгууну суранат.