www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-октябрда Садыр Жапаров Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында Президенттин администрациясы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаңы соода каттамдарын ачууга көңүл буруп, кыргыз-армян мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтык маселелерин карашты. Садыр Жапаров Никол Пашинянды 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Никол Пашинян Садыр Жапаровдун Арменияга жасаган алгачкы расмий сапары эки жактуу мамилелердин жаңы барагын ачарына ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгына жаңы дем берерине үмүт артып, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Последние новости