www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда сегиз жыл бою жер төлөдө кармалып, сексуалдык эксплуатацияга мажбурланган Өзбекстандын жараны куткарылды. Аял мекенине кайтып келгенде болгону 32 килограмм салмакта болгон.
Адам сатууга каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Дилфуза Шодиеванын маалыматына караганда, аял Түркияга бала багуучу болуп иштөө үчүн барган. Бирок ал жакта сексуалдык эксплуатацияга кабылып, эркиндигинен ажыратылган.
Сегиз жыл ичинде аял эки баланы төрөгөн. Ал полициянын атайын операциясы учурунда табылган.
Куткарылган аял Өзбекстанга кайтарылган. Окуяга байланыштуу башка маалыматтар азырынча айтылган жок.