www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү ырчы, Айчүрөк Иманалиева так ушул таптарда уулунан ажырап сай сөөгү сыздап олтурган убагы. Ботодой боздогон эненин бой жеткен уулу Айчүрөк эжени какшатып кете берди. Дүйнөдөгү эч бир энени баласынан айрыбасын. Тилекке каршы, Айчүрөк Иманалиева мүңгүрөп турганда Анжелика уулунун мүрзөсүн суутпай, өзүнүн адамдык сапатка сыйбаган адатына салып маркум Аргенди сындап жазып чыкты.

--"Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим", - деп жазган Анжелика.

Анжеликанын бул жазганын социалдык тармактагылар талкуу алды. 

Ал эми колдонуучулар ырчы Айчүрөк Иманалиеваны колдоп, анын жетишээрлик каражаты жана атактуулардын арасында эң бай ырчылардын бири экенин айтышууда.

Зульфия Болотбекова: -Сөздү эмнеден баштаарымды да билбей турам. Эне баладан ажырап кан жутуп турганда, минтип - "Карызынды кечирдим" - деп миллион элге жарыялаш керекпи? Ата-энесине эле айтса болобу? Же Исламда ушинтип жарыялайбы билбейт экем. Кандай болсо да туура эмес деп ойлойм.

Анжелика Арген экөө чогуу өсүп, бир нанды тең бөлүшүп чоңоюшканын билебиз баарыбыз эле. Оронуп-чулганып кооз сөз сүйлөгөн башка, адамдык сапат (поступок) башка тура көрсө.

Гулуасал Садырбаева: -Анжеликаны адам катарына кошкон үчүн, Анжелика Айчүрөккө жана анын үй-бүлөсүнө, балдарына чексиз карыз, болгондо да ал карызды Анжелика эч качан төлөй албайт. Таптакыр эле акылы тайкы келин экен?

Кыргыз Даам: -Ээх Анжелика, акылың артты көздөй кетип баратат.

Гулнара Маматова: -Анжелика сен эне эмес экенсиң, сени кандай сыноолор күтүп жатат аны бир жараткан билет.

Ханзаада Арапбайевна: -Бул билдирүүнүн эмне кереги бар, элге жарыясы жоок жүрөктөн кечирүү керек оронгонун сабак бербеген тура суулу айым.

Олжобай Бек: -Антип айтпайт кыргыз баласы. Аласаң болсо ичинден кеч. Сыртка чыгарбай!

Жолдошбек Исраилов: -Бул сөз жөн эле көралбастыктан айтылса керек Арген эмнеге Анжеликадан карыз алмак эле.

Бактыгуль Бобуева: -Анжеликада адамдык сапаттын өзү калбаптыр да, аны өз ичинден эле ойлоп кой келесоо болбой...уятсыз.

Сурия Бегалиева: -Айбан, адамдык касиет жок калган экен...

Roza Sootkanova: -Анжелика сени ушул даражага жеткизген сени элге таанытып тарбиялаган Айчүрөк эжең эгер билсең. Сен алардын үй-бүлөсүнө карызың көп болуш керек деп ойлойм.

Жамиля Байтикова: -Ичкен кудугуңа түкүргөн көк мээ, Аллахтын жолунда жүргөн катындын айтаары ушулбу, бул көк мээ оронгонду да мода көрүп жүрөт го, болбосо Кудай деген адамдын оозуна чыга турган сөз эмес, энеси да өзүнө окшогон бир Кудай урган катын тура, болбосо тизгинин тартып койбойбу?!

Санавар Зияева: Олумдон да пиар издеген , даракты кыйып пиар издеген, калп эле оронуп пиар издеген..... Артист олсо да Артист бойдон калат экен да тооба ....

Бурулкан Карагулова: Ии кокуй, арты кайырлуу болсун, каап! Эмне кырсык болду экен. Өлүм жашарып баратканы өкүнүчтүү! Тиги бетиңессейн кара бетте бети менен арткысы бирдей, аны бирөө чакыргансып баралбайм дегенин кара, кусур ургур. Ошо баласынан бекитип далай тамакты бергендир сен эле жей гой деп. Балким карыз деле эмес, чындап карыз болсо аны Айчүрөк төлөй албай калмак беле?

Эске сала кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын уулу кечээ, 21-июнда, 35 жашында дүйнөдөн кайтты. Ырчынын жакындарынын айтымында, Арген Иманалиев түндө инфаркттан улам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости