www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне тилин билбеген - элин сүйүп жарытпайт. Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу тууралуу бир нече сунуштары менен бөлүштү.

"Улуттун интеллектуалдык потенциалды толук түрдө ишке ашыруу Билим берүү министринин милдети. Эгер ушуга шарт түзбөсө анда министр иштен кетиши керек. Айыл жергесинде балким, генийлер чыкчу окуучулар, бүтүрүүчүлөр бар. Жашоо-шартына байланыштуу алар миграцияга чет өлкөгө кетип калып, андан ары талантын өстүрө албай калып жатышат. Ушул жаатта министр иштеш керек", - дейт депутат.

Мектептерде көпчүлүк предметтерди кайратадан инвентаризация кылыш керектигин баса белгилеп өттү. 

"Түшүнүксүз сабактар бар, анын ордуна шыктандыруучу, команда менен иштөө, анализ кылуу, чечимди тез кабыл алуу сыяктуу шыктандырган предметтерди күчөтүш керек", - дейт эл өкүлү.

Андан тышкары мамлекеттик тил маселесине токтолуп өттү.

"Мектептерде тил үйрөнүү стратегиясын иштеп чыгышы керек. Бүгүнкү күндө мектепти кыргыз тилин билбей бүтүрүп жаткан окуучулар бар. Жогорку Кеңешке келип алып кыргыз тилин билбей, чулдурап турган аткаминерлерди көрүп кыжырың келет. Эне тилин билбеген - элин сүйүп жарытпайт. Эне тилде сүйлөй албагандарды, эне тилде ашатып сөккүң келет дейт. Ушундай чиновниктер дагы пайда болбошу үчүн мектептен эне тилге көңүл буруш керек. Айрым мектептерде кыргыз тилине өгөй мамиле болуп жатыптыр. Учурда мектептен кыргыз, орус, англис тилдерин эркин сүйлөй ала тургандай кылып чыгарууга көңүл бурулсун", - деп билдирди депутат.

Андан тышкары ал мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабагында балдарга курал карматып мекенди коргоого үйрөтүү зарылдыгын айтты. Анткени аталган сабакта курал-жарактар окуучуларга көрсөтүлбөйт.

"Балдарга жок дегенде жыгачтын автомат, таштан гранта жасап ыргытып үйрөтүү керек. Себеби бүгүн билим берүү министрлиги коргоо министрлигине аталган сабактарда бизге автомат берип турасыз, кайра алып кетесиз деп биргеликте келишим түзүп, киргизсе 10-11-класстын балдары чек араны коргоого, мекенди сүйүүгө үйрөнүп окууну бүтөт эле", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости