www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малайзия элинин ардактуу инсаны, өлкөнүн коомдук турмушунда өзгөчө орду бар, малай элинин алгачкы аял дарыгери, тунгуч медицина жаатындагы доктор Сити Хасмах Мохаммад Алинин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Маркум өмүрүн элге кызмат кылууга, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоого арнаган инсан катары эсте калат. Анын адамгерчилиги, акылмандыгы жана коомго сиңирген эмгеги Малайзия элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Адамдын өмүрү өтсө да, анын жасаган жакшылыктары, эл үчүн кылган эмгеги жана артында калтырган изи эч качан унутулбайт.
Ушундай оор учурда маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы Малайзия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан маркумдун жаткан жерин жайлуу, топурагын торко кылсын. Жакындарына сабыр, күч-кубат берсин.
Маркумдун жаркын элеси жана эл үчүн жасаган эмгеги ар дайым урмат менен эскерилсин.
КРнын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров
Эске салсак, Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир Мохаммаддын жубайы Сити Хасмах 2026-жылдын 28-сентябрында 100 жашында дүйнөдөн кайткан.
