www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанда экономикалык өсүштүн темпи басаңдап, инфляция жогору бойдон каларын болжолдоодо.
Фонддун маалыматына ылайык, 2026 жана 2027-жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 6,1 пайызды түзөт. Ал эми 2025-жылы экономика болжол менен 11,1 пайызга өскөн.
ЭВФ 2026-жылы орточо инфляция 11,7 пайызга, 2027-жылы 11,4 пайызга жетиши мүмкүн экенин белгилеген. Инфляцияга ички суроо-талаптын өсүшү, насыялардын көбөйүшү жана дүйнөлүк мунай бааларынын кымбатташы таасир этиши мүмкүн.
Фонд өлкөгө инфляцияны ооздуктоону, мамлекеттик каржынын туруктуулугун бекемдөөнү жана экономикалык реформаларды улантууну сунуштады.