www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бюсттун ачылыш аземине мамлекеттик жана маданият ишмерлери, ошондой эле манасчынын кызы катышты. Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган.

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал 1962-жылдан тартып Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылын кыргыздын руханий мурасын жайылтууга арнаган. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.

Последние новости