www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Баку шаарында мектеп формасына коюлган жаңы талаптарга каршы нааразылык акцияларынан кийин 37 адам камалды. Нааразылыкка хижаб кийген кыздарды сабакка киргизбей коюу себеп болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, акциянын катышуучулары мектеп кызматкерлери менен жаңжалдашып, билим берүү мекемелерине зыян келтирип, жол кыймылына тоскоолдук жаратышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Сентябрдан тартып киргизилген жаңы эрежелер мектеп окуучуларынын кийими бирдиктүү стандартка жана светтик билим берүү талаптарына жооп бериши керектигин карайт. Депутат Жейхун Мамедов реформанын максаты мектептердеги диний, этностук жана социалдык айырмачылыктарды жоюу экенин билдирген.

«Кавказский узел» басылмасынын маалыматына караганда, 10-октябрда хижаб кийген кыздарды сабакка киргизбей койгондон кийин Бакунун чет жакаларында нааразылык акциялары башталган. Айрым окуучулар мектептердин жанында чогулуп, көчөдө сабак өтүшкөн. Акциялардын биринде «Хижабга эркиндик!» деген ураан жаңырган.

Нааразылык күчөгөн учурда Азербайжанда Instagram жана TikTok тармактарынын ишинде да үзгүлтүктөр байкалган. Бирок бул чектөөлөрдүн протесттерге байланыштуу экени расмий тастыкталган эмес.

Последние новости