www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Азербайжан менен Армениянын ортосундагы көп жылдык жаңжалды жөнгө салуудагы өзүнүн ролу тууралуу айтып жатып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүн эске салды.

Трамп бул тууралуу Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс шаарында өткөн митинг учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

АКШнын лидери Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 32 жылга созулган жаңжалды болгону эки күндүн ичинде чечкенин айтты.

«Чынында, Путин буга ишене алган жок. Ал мага бул жаңжалды 10 жыл бою чечүүгө аракет кылганын, бирок майнап чыгара албаганын айтты. Ал эми мен муну эки күндүн ичинде жасадым», — деди Трамп.

Эске салсак, 2025-жылдын 8-августунда Вашингтондо Азербайжан менен Армениянын лидерлеринин катышуусунда Биргелешкен декларацияга кол коюлган. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишиминин тексти алдын ала макулдашылып, парафирленген.

Бирок тынчтык келишимине расмий түрдө азырынча кол коюла элек.

Последние новости