www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атаналиев Азамат Кылычевич Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Тилек Кадыкеев башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Азамат Атаналиев буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Шаар куруу корутундулары жана долбоорлорду макулдашуу бөлүмүнүн начальниги кызматын аркалап келген.