www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саид Сафарбековдун өзүнө таандык мүлктөрдү кайтарып алуу боюнча арызы Ички иштер министрлигинде (ИИМ) бир жарым жылдан бери чечилбей келе жатканы айтылууда. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн маалыматтарда белгиленген.
Маалыматка ылайык, Саид Сафарбеков менен Акмолидин Рахимов көп жылдар бою кызматташып, болжол менен 20 жылдай бирге иштешкен. Сафарбековдун билдирүүсүнө караганда, кийинчерээк Рахимов айткан жагдайларга байланыштуу ал Тажикстанга депортацияланган. Бул окуяга байланыштуу документтердин мыйзамдуулугу жана тиешелүү органдардын аракеттери боюнча бир катар суроолор жаралууда.
Сафарбековдун айтымында, ал Тажикстанга жөнөтүлгөндөн кийин өзүнө таандык мүлктөр Акмолидин Рахимовдун атына катталып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калган. Учурда мүлктөр кандай жагдайда жана кайсы документтердин негизинде кайра катталганы, ошондой эле бул боюнча укуктук баа берилген-берилбегени тууралуу так маалымат ачыкка чыга элек.
Чындыгында Саид Сафарбеков 2026-жылдын март айында сот аркылуу Кыргызстандын жарандыгын кайра алгандыгы айтылат. Андан кийин ал өзүнө таандык мүлктөрдү кайтарып алуу максатында укук коргоо органдарына атайын кайрылган. Бирок анын билдирүүсүнө ылайык, арызы боюнча азыркыга чейин укук коргоо органдары натыйжалуу чечим кабыл ала элек.
Ошондой эле бул окуяга Көкчоев Айтыгулдун да тиешеси болушу мүмкүн деген дооматтар айтылып, мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын атап, жардам сураганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок бул жагдайлар азырынча расмий документтер же тиешелүү тараптардын түшүндүрмөлөрү менен тастыктала элек.
Редакцияга келип түшкөн маалыматтарда Акмолидин Рахимовдун жарандыгына байланыштуу да суроолор көтөрүлгөн. Тажик тараптын NazarNews редакциясына берилген маалыматында “атайлап депорт болгон” Сафарбеков эмес, Рахимов Тажикстандын жараны экенди такталган документтер келип түштү. Бул жагдайды тактоо үчүн тиешелүү расмий документтерге укук коргоо органдары биз тактаган маалыматка таянуу зарыл.
Учурда Саид Сафарбековдун мүлкүн кайтарып алуу боюнча арызынын каралышы жана иштин жүрүшү тууралуу кошумча расмий маалымат алуу маанилүү. Тактап айтканда, ИИМ тарабынан арыз боюнча кандай текшерүү же тергөө аракеттери жүргүзүлгөнү, мүлктүн башка адамдын атына катталышынын мыйзамдуулугу каралган-каралбаганы жана маселенин эмне себептен создугуп жатканы же кимдер кызыктар экени коомчулук үчүн ачык бойдон калууда.
Редакциянын позициясы
Бул материалда баяндалган жагдайлар арыз ээсинин билдирүүлөрүнө жана редакцияга келип түшкөн маалыматтарга негизделет. Анда айтылган дооматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн Ички иштер министрлигинин, жарандык маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана материалда аты аталган адамдардын расмий түшүндүрмөлөрү зарыл. Редакция тараптардын позицияларын алууга жана кошумча маалыматтарды тактоого даяр. Тиешелүү жооптор алынган учурда материалга толуктоолор киргизилет.