www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пунктунда Казакстандан Кыргызстанга коштомо документтери жок 4 миң 100 даана товарды алып өтүү аракети аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, товарлардын жалпы баасы 800 миң сомдон ашат. Текшерүүдө жүктөрдү көзөмөл тартибин бузуу менен акыга аз-аздан ташыган адамдар тартылганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча актылар түзүлүп, транспорт каражаты мөөр басылгандан кийин айып короого киргизилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша ишкерге административдик айып салынып, товарлар кармалышы мүмкүн. Ошондой эле кошумча салыктык милдеттенмелер эсептелиши ыктымал.

Последние новости