www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«KG Group» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, уулуна жардам берүүнү суранды. Бул Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтылды.

Ташовдун апасы уулу мыйзамсыз камалып, ага жалган жалаа жабылганын билдирди. Президент болсо анын күнөөсү далилденгенин айтып, Ташовдун аракеттери тууралуу маалыматы бар экенин белгиледи.

«Эч ким подстава кылган эмес. Ал төңкөрүш кылам деп, 450 миң долларлык мүлкүн, батирлерин криминалга тараткан. Ал убакта (Камчы) Көлбаев тирүү болсо керек эле, анын балдарына берип: «Чыгып бергиле», - деген. Мен билем аны», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров бүтпөй калган турак жайлар маселесине токтолуп, жарандардын көйгөйлөрү чечилгенин айтты. Ал соттун ишине кийлигише албасын, бирок соттун чечиминен кийин ырайым берүү маселесин карап чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

2025-жылдын июлунда Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовду 9 жылга эркинен ажыраткан. 2026-жылдын июлунда Бишкек шаардык соту чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы боюнча актап, жаза мөөнөтүн 8 жылга кыскарткан.

Последние новости