www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2027–2028-жылдарга карата өз ара аракеттенүү жол картасына Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.
Документке 2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусунун алкагында кол коюлду.
Жол картасы бажылык администрациялоо, санариптештирүү жана маалымат алмашуу багыттарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле бажылык контролду өркүндөтүү, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү каралган.
Документте «Бир аялдама» принцибин киргизүүгө, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таанууну өнүктүрүүгө жана контрабандага каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулган. Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.
Жол картасын ишке ашыруу эки өлкөнүн бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.