www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатта 14 жаштагы өспүрүм сабалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү болгон. Өспүрүмдүн айтымында, өзүнөн эки жаш улуу тарбиялануучу аны бир нече жолу урган. Баланын бетинен, көзүнүн айланасынан жана денесинен жаракаттар аныкталган. Ошондой эле ал көзү начар көрүп жатканын билдирген.

Акыйкатчы институту интернаттын жетекчилиги окуяга өз убагында чара көрбөгөнүн белгиледи. Бала медициналык кароодон өткөрүлүп, ооруканага жеткирилген эмес. Окуя болгон түнү жатаканада нөөмөттөгү тарбиячылар да болбогону айтылды. Мындан тышкары, жетекчилик милицияга кабар берген эмес.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жана зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

Последние новости