www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-октябрда президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүк билдирет.

Чек ара инфраструктурасын жаңылоонун алкагында аскер шаарчасы толук реконструкцияланды. Штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт зал, клуб, кампалар, автопарк капиталдык оңдоодон өттү. Аскер кызматчылары үчүн көп кабаттуу жатакана, мончо-кир жуучу комплекс, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, машыгуу аянтчалары курулду.

Ошондой эле ички жолдор, жарыктандыруу, тосмолор жаңыртылып, аймак көрктөндүрүлдү.

Бардык курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, акыркы беш жылда чек ара инфраструктурасын чыңдоо, курал-жарак жана техниканы жаңыртуу, жаңы заставаларды куруу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат.

Последние новости