www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин «2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгенин максаты - коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу.
Коррупцияга каршы күрөшүү - мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун биргелешкен милдети. Анын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат.
Челлендждин алкагында эстафеталык вымпел Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине өткөрүлүп берилип, демилгени улантууга жана коомчулукту активдүү катышууга чакыруу жасалды.
Коррупцияга жол жок! Биргеликте таза, адилеттүү жана коррупциясыз коомду куралы!