www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы уран-238 радиоактивдүү затын мыйзамсыз сатуу аракетине бөгөт койду.
Kazinform агенттигинин маалыматына караганда, атайын кызматтардын операциясынын жүрүшүндө Грузиянын жараны кармалган. Ал колундагы уранды чет өлкөлүк жаранга 700 миң долларга сатууну көздөгөн деп шектелүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Грузиянын Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Урандын канча көлөмү сатууга даярдалганы азырынча ачыкталган жок.