www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Президенти Садыр Жапаров 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө, Конституциялык сотко барды. Имарат менен таанышуу учурунда Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башка иштер жөнүндө айтып берди.

Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болду. Андан соң Садыр Жапаров Конституциялык соттун кеңешүүчү бөлмөсү менен таанышып чыгып, каалоо-тилектер китебине эстеликке жазуу калтырды.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Конституция күнүнө арналган жалпы республикалык сынакта жеңүүчү болгон үч студентти жеңиши менен куттуктады. Имарат менен таанышкандан кийин мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын жана өлкөнүн бардык жарандарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгы менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости