www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаанын ичинен 1,1 миллион даана Беларустун жасалма акциздик маркасы табылды. Бул туурасында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Кыргызстан менен өз ара соодалашууда көмүскө товар жүгүртүүнү азайтуу боюнча иштер туруктуу негизде жүрүгүзүлүп жатканы айтылат.

"Кыргызстандын кара ниет ишкерлери жетишилген келишимдерди пайдаланып, өзүнүн жашыруун схемаларын колдонуу менен контрафакт жүктөрдү Казакстанга алып кирип жатат. Мисалы, 28-апрелде КРден келе жаткан автоунаадан 1,1 миллиондон ашуун Беларустун жасалма акциздик маркасы аныкталды. Мындан сырткары, документте көрсөтүлбөгөн 2000ден ашуун товар чыкты. Алар видео байкоо системасы, кийим жана спорттук шаймандар болгон", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле коңшу өлкө кыргыз-казак чек ара бекетинде текшерүү солгундаганына байланыштуу Россияга транзит катары өтөт деген жасалма документ менен Казакстанга майнинг жабдуулары жана электрондук тамекилер кирип жатканын билдирүүдө.

"Үстүбүздөгү жылдын апрелинде майнинг жабдууларын ташыган алты факт аныкталды. Алар транзиттик товар катары чек арадан өтүп, бирок Казакстандын аймагына түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети бизнес субъектилеринин мындай аракети ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетин чыгымга учуратарын белгиледи. Буга байланыштуу чек арадагы көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти.

Белгилей кетсек, 20-апрелде кыргыз-казак өкмөттөрү эркин соода жүгүртүү боюнча чечимдерди кабыл алган. Ага ылайык, кыргыз тарап жүк ташуучу унааларды товар үчүн электрондук эсеп-фактура жок чыгарбоону убадалаган. Ал эми Казакстан текшерүүнү азайтып, транзиттик товарларды кароосуз өткөрө турган болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости