www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинада мамлекеттик билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын кыскарышына каршы миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Демонстрациялар Буэнос-Айрес жана башка шаарларда өттү.
Акцияга студенттер, окутуучулар, окумуштуулар жана профсоюз өкүлдөрү катышып, университеттерди каржылоону көбөйтүүнү жана мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү талап кылышты.
Маалыматка ылайык, демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонгон. Бир нече адам жаракат алган.
Нааразылык Аргентинанын президенти Хавьер Милейдин мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу саясатына байланыштуу күчөгөн.