www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Учурда социалдык тармактарда, бири-биринен өткөрүлүп жаткан үндөр бирде жарандардын көңүлүн көтөрсө, бирде түшүрүп, ар кандай талкууга жаратып жатат. Бүгүн окурмандарыбызга жеңесине айтылган кыздын арманын сунуштайлы деп чечтик.

--Ээ жеңе, ойлоп карасам адамдар ушунчалык мас болгон экенбиз. Эмне кылышты деле билбей калган экенбиз. Адамдын, баланын, сөздүн баалуулугу жана башка толтура баалуулуктарды сыртка калтырып, эптеп кредит алып, ошону ар кимдин тоюна, “черный кассага” алып барып, кайра өзүң “черный касса” өткөрүп, топтоп кредит төлөп калдык эле. Чынын айтсам, бул ооруну мындай кабыл алып жатам: бул оору эмне, өлүм келсе өлөбүз. Мурда өзүбүз оорулуу элек. “Саяк жүрсөң таяк жейсиң” деген ушул болду. Адамдар ушунчалык башкача болуп калышкан эле. Мен жаман коркот элем, ээ Кудай жер силкинип адамдарды тазалайт болуш керек деп.

Адамдар кийээрге эч нерсе таппай, 45 миң сомдук “шубаларды” 70-100миң сомдугунан алайын, бул начар болуп калды деп. Ар бир тойго, шеринеге барганда “ушуну кие бербейсизби?” десең, “жок, муну элдер көрүп койгон, уят”,-деп. Мына эми көрүнүшсүн, кимге көрүнүшөт?

Бут кийимдерди алганда 4-5 тен алышат, аларды каяка кийип, качан жыртат, таң калам. Кыйналгандар кыйналып эле жашап жатышат. Ушунчалык эч нерсе таппай калганда чыга калып, тырмактарын, кирпиктерин, каштарын 500гө  жасап келишет. Эми ошол тырмак, кирпиктерин жеп жатышсын.

Бул дагы акыр замандын эскертүүсү болуп жатат. Сенин үстүңдөгү “китайский куртканы” көрсөтүп, “бул мурдагы чыккан курткалар ээ” деп “шубаны” кийип алып, койкоңдоп ары-бери өтүшөт эле. Тойго кийген көйнөктөрүн кайра кийбей калышкан эле.

Умрага дагы ибадат кылганы эмес,  дүкөндөн соода кылганы барып, оюнчук кылып алышкан болчу.  Аллах Таала келгендерге оору берип, “ажап” кылды. Ошол дүкөнгө баргандар ооруп калышты. Ар жерге 4-5тен самтырап барып алабыз же тил билбейбиз. Калп эле бирөө 500 берген аны алайын, башкасы 1000 сом берген ага муну алып алайын деп, эл көрсүн болуп кеттик эле.

Эми Өкмөт бир үйгө бир мүшөк ун менен 5 литр май таштап, бир айга жеткиресиң деп, карантинди бир жылга узартып койгондо адамдар тамактын жана башканын кадырын жакшы билип калышат эле. Тынбай  Чоң Алайдан Ошко келишип, азык-түлүк кылып кетишип, Чоң Алайдын продуктыларын алып ынтымакташып жей бербей. Кыйналган адамды көрбөй калды. Бул алып келе албайт деп, акчасы жок адамды тойго чакырбай калды. Бирине-бири эрегишип калды.Тойго кетип жатканда кошумчасын кошуп, жеп, ичип, ойноп, батамды берип келейин деп эч ким барбайт. Эртең мен той өткөрөм, кандай дасторкон кылат экен, монун дасторконун көрөйүнчү деп барышат. Ажап болду биздикилерге. Аллах таллам “динге сый менен чакырам, ыйманга келтирем. Сый менен келбесең, ый менен келтирем” деген. Бардыгыбыздын пейилибизге жараша болду. Мен сүйүнүп отурам ушуга. Ушунчалык ашынып кетишкен эле. Айрыкча аялдар, жаман жиниме тийип калган эле. Былтыр алган бут кийимдерин кийбей, жаңы алам деп. Кандай дизайндагы кийим кием деп, кийим таппай калган эле. Мына ажап болду. Ар түрдүү кийимдерди кийип, бут кийимдердин да түрүн кийип, чыкпай калган кийим жок эле. Акыры Италиядан кийим кийип, италиянский шалдыраган синтетикалар бар эле, бар жогу денең көрүнгөн, ошону кийип башташты. Ушул оорунун келгени мага майдай жакты. Кудайым ушул ооруну кимге тийгизет, кимге тийгизбейт өзү билет. Вируссуз эле күнүгө бири-бирине көрө албаган оорудан өлүп калып жатты. Жүрөгү кармап, өлүп калып атты. Биринин кийимин бири көрүп давление болуп жатты. Адамдар ушунчалык ичи тар, ичибиз ушунчалык бок адамзат болот экенбиз, мунун бир Кудай эле кечирбесе, эч ким кечирбейт. Мына, кийимдерди кийип, баланын улуулугу билинбей, баланы Кудай кантип берип, кантип төрөгөнүн унтуп калдык эле. Мына, балдарыбызды кармап отурабыз. Күйөөлөрүбүздүн балуулугун билбей калдык элек. Күйөөнү жаңжал кыла турган, тоной турган зат деп калдык эле, күйөөлөрүбүз маңдайлабызга олтуруп калды. Алган кийимдерди кийип, күйөөлөрүнө көрүнүп отура берсин. Эркектер ар кимдин көзүн алаңдап басып, көздөрүнө май басып калды эле, эми кандай аял менен жашап жатканын көрүп алсын. Коронавирус келгенине сүйүнүп атам. Так ушул кыргыз эли бир жыл карантинде отурса экен, - деген белгисиз аял, жеңесине.

Урматтуу окурман, сиздин оюңуз кандай? Айтылган сөздөр чындыкпы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости