www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир суткада 30 жол кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 30 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 43 адам ар кандай оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын жалпы санынын 17 учуру оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, бул сутка ичинде катталган кырсыктын 56 пайызын түзөт, анын кесепетинен 25 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан.

ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылып, коопсуздук ар бир айдоочунун колунда экенин, унаада жаныңызда келе жаткан, жакынкы унаада бара жаткан сиз тааныбаган адамдын коопсуздугу сизден көз каранды экенин эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости