www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө курчап турган чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшү эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана бардык өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин талап кыларын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Армениянын тоо жана тузсуз суу экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Ереван платформасын түзүү демилгесин колдоо менен бирге, Кыргыз Республикасы ага активдүү катышууга даяр экендигин ырастады.
“Глобалдык жылуулуктун таасиринен улам Борбордук Азиядагы мөңгүлөр эрип, тоолуу экосистемаларга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу коркунуч жаралууда”, - деди Президент.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштады: Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу, карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо.
Президент өз сөзүндө Ысык-Көлдү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн анын экосистемасына тийгизген олуттуу кесепеттерине өзгөчө көңүл бурду.
Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы 170 жылда көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.
Президент Ысык-Көлдү сактоо үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Тиешелүү мамлекеттик органдар көлдүн жана анын акваториясынын флорасы менен фаунасын сактоо боюнча кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Акыркы төрт жылда Көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын ар кандай таштандылар жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор алынган.
Ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектисин коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштады.
Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Президент бардык өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.