www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоого 81 ЖМК аккредитациядан өттү

Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого үгүт жүргүзүү үчүн 81 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Аккредитациядан өткөндөрдүн арасында 19 басылма, 22 телерадио уюму, 13 радиостанция жана 27 интернет-басылма бар.

БШК аккредитацияланган ЖМКлар талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамга ылайык, так жана калыс чагылдырууга милдеттүү экенин эскертти.

Үгүт материалдарын жарыялоонун баалары жана шарттары БШКнын расмий сайтында жарыяланат.

Последние новости