www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Алматыдагы Башкы консулдугу рэпер Navai (Наваи Бакиров) кармалган жагдайларды тактоо өтүнүчү менен Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Орус тарап артисттин кармалганы тууралуу ЖМКлардан билгенин жана Казакстандын бийлигинен расмий билдирүү албаганын белгиледи. Консулдук анын кайда жана кандай шартта кармалып жатканын тактап, зарыл болсо консулдук жолугушууга уруксат берүүнү суранды.
Белгилей кетсек, Navai 13-октябрда «Кордай» өткөрмө пунктунда Кыргызстандан Казакстанга кирип бара жатканда кармалган. Казакстан полициясынын маалыматына ылайык, ал бараткан автоунаадан баңгизат табылган. 15-октябрда сот аны камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда рэпердин жактоочусу бул чечимге апелляциялык даттанууну даярдап жатат.
Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы ырчынын «Ак-Жол» өткөрмө пунктунан өтүшүнө байланыштуу кызматтык иликтөө башталып, мыйзам бузуу аныкталса, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөрү айтылды.
Navai 14-октябрда Астанада жеке концерт бермек, бирок иш-чара башталарга төрт саат калганда жокко чыгарылган.