www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Гнездышко» жеке бала бакчасында алты жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Адилет Мерканов билдирди.
Шектүүнү камакка алуу өтүнүчү менен тергөөчү кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси — «Он алты жашка толо элек балага карата сексуалдык катнашка барбастан бузукулук аракеттерин жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кыздын ата-энесинин маалыматына караганда, окуя август айында болгон. Бала бакчаны жубайлар ачып, иштетип келишкен. Ата-энеси үйдө кызы менен сүйлөшүп отуруп, окуянын чоо-жайын кокусунан билип калышкан. Кошумча суроолорду бергенден кийин алар милицияга кайрылышкан.
Буга чейин кыздын апасы тергөөнүн жүрүшү алдыга жылбай жатканын билдирип, коомчулукка кайрылган. Андан кийин бул окуя коомчулукта резонанс жараткан.