www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван менен Москванын ортосунда айрым пикир келишпестиктер болгонуна карабастан, эки өлкөнүн мамилеси өзгөрбөгөнүн билдирди.

Пашинян журналисттерге берген маегинде Армениянын атомдук электр станциясынын келечеги боюнча башка өлкөлөрдүн сунуштары да каралып жатканын айтты. Анын белгилешинче, Ереван бул маселеде саясий эмес, экономикалык жактан эң пайдалуу чечимди тандоого аракет кылууда.

Ошондой эле Армения темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча оптималдуу жолдорду издеп жатканын жана орусиялык өнөктөштөрдүн сунуштарын кароого даяр экенин билдирди.

Последние новости