www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Камбожа Падышалыгынын премьер-министри Хун Манет менен жолугушту.
Тараптар эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурушту.
Мамлекет башчысы кыргыз-камбожа мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстан өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.
Бул контекстте президент Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Камбожа ишкерлерин Кыргызстандын келечектүү инвестициялык демилгелерине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Камбожанын премьер-министри Хун Манет эки тараптуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, биринчи кезекте, соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Тараптар ошондой эле БУУ жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Садыр Жапаров Камбожа тарапты 2027-жылдын 21-23-октябрында БУУ менен биргеликте Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-камбожа мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.