www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абу-Дабинин падышалык үй-бүлөсүнө келин болгон, бирок кийин үй-бүлөсүнөн четтетилген 32 жаштагы Махра Аль Нахайян июнь айында Лондондун батышындагы көчөдөн эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул тууралуу The Times of London жана The New York Post басылмалары жазышты.
Өтүп бара жаткан адамдар аны бут кийимсиз, эс-учун жоготкон абалда, темир тосмого жөлөнүп отурган жеринен табышкан. Окуяны күбө видеого жана сүрөткө тартып алган. Кадрларда анын жанында чалкасынан жаткан эркек киши да көрүнөт.
Махра табылган эл көп жүргөн жолдун жанында кичинекей бала ойноп жүргөн. Полиция келгенге чейин адамдар бала менен бирге болушкан. Анын үч жаштагы бала менен кандай байланышы бар экени азырынча ачыкталган жок.
Полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин Махра сурак башталгандан жарым саат өткөн соң гана сүйлөй алган. Кийинчерээк ал канынан табылган тыюу салынган заттарды бир нече күн мурун колдонгонун мойнуна алган.
Абу-Дабинин башкаруучу үй-бүлөсүнүн байлыгы 300 миллиард долларга бааланып, дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелет. Махра баланы кароосуз калтырган деген бир айыпты мойнуна алган. Анын британдык адвокаты Стивен Вуллонун айтымында, ал учурда баңгизатка көз карандылыктан реабилитациялык клиникада дарыланууда.
Сотто Махра ай сайын 10 500 доллардан бир аз ашык жөлөкпул алары айтылган. Ага болжол менен 8 миң доллар өлчөмүндө айып пул салынган.