www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) алдын ала эсеп боюнча 1 триллион 640,9 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өнөр жай өндүрүшү 7 пайызга өсүп, 685,4 миллиард сомго жетти. Химиялык продукция өндүрүү 2,3 эсеге, тазаланган мунайзат өндүрүү 1,9 эсеге көбөйдү. Ал эми негизги металлдарды өндүрүү 1,7 пайызга төмөндөдү.
Ошол эле учурда өлкөдө баалар өсүүдө. Жыл башынан бери керектөө баалары 8,1 пайызга, ал эми жылдык инфляция 12,2 пайызга жетти. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,8 пайызга, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7 пайызга кымбаттады.