www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинанын президенти Владимир Зеленский кызматтан кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагында саясий баяндамачы Александр Мьюздун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.

«Кан төгүү баары бир улана берет. Зеленскийдин кетчү убактысы келди», — деп жазган ишкер.

Мьюз Зеленскийдин британиялык алып баруучу Пирс Морганга берген маегине комментарий берип, Украинанын президенти жаңжалдын аякташынан жана президенттик шайлоонун өтүшүнөн чочулап жатканын божомолдогон. Анын пикиринде, Зеленский жеңилген учурда тергөөгө алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Маск буга чейин да Украинанын президентин сынга алган. Ал 11-октябрдагы билдирүүсүндө Зеленский «чектен чыгып кеткенин» айткан. Ишкер мындай пикирин АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган соккулары тууралуу билдирүүсүнө жооп катары жазган.

Трамп Зеленскийге мындай чабуулдардын дүйнөлүк рынокко тийгизе турган кесепеттери тууралуу эскерткенин билдирген.

Кийинчерээк SpaceX компаниясынын жетекчиси Трамптын Украинанын президентин алмаштыруу чакырыгын колдогон.

Последние новости