www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоого катыша турганын айтышкан Суваналиев менен Жапыкеев кыргыз тил экзаменинен өтпөй калышканын журналист Аслан Сартбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

"8-октябрда президенттикке талапкерлер Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев Улуттук илимдер академиясынын 5-кабатына барышып, кыргыз тилинен экзамен тапшырышкан. “Кыргызтест” системасында В2 деңгээлиндеги мамлекеттик тилди ортодон жогору билүү каралары, анда 4 бөлүгүнөн -- окуу (лексика, грамматика), угуу, жазуу, сүйлөөдөн өтүү керек. Ар бир субтесттен 60тан жогору балл алуу эрежеси бар.

Эми кептин ток этерине келсек, Өмүрбек Суваналиев окуудан – 87 балл, угуудан – 84 балл менен өтөт. Сыймык Жапыкеев болсо окууну – 63 баллга, угууну – 76 баллга тапшырат. Бул көрсөткүчтөрдү компьютер автоматтык түрдө чыгарып берген. Ал эми кийинки баскычтары бир жумадан кийин комиссиянын кароосу менен чыгарылса, бул жерде эки талапкер гана катышып жатканын эске алышыбыз керек. Анда Өмүрбек Суваналиевдин жазуусу – 56 балл, сүйлөөсү – 65 баллга татыган. Сыймык Жапыкеев жазуудан – 55 балл, сүйлөөдөн – 63 балл алат. 

Ошондо Суваналиевге 4 балл, Жапыкеевге 5 балл жетпей калууда. Жазууда талапкерлердин татаал сүйлөм куруусу, адабий тилдеги сөз байлыгы, жогорку деңгээлдеги стили да каралат экен. 

Айтмакчы, эки талапкер тең 1-класстан 10-класска чейин кыргыз мектебин окуп бүтүшүптүр. 

Эске салсак, мурда Өмүрбек Суваналиев мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан өтүп, президенттик шайлоого катышкан...,  - деп жазды Сартбаев.

Последние новости