www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Стамбул шаарында 14-октябрда башталган катуу жаандан улам сел жүрүп, бир катар көчөлөрдү, турак үйлөрдү жана ишканаларды суу каптады. Табигый кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгону кабарланды.
TRT Haber телеканалынын маалымдашынча, 14-октябрда саат 06:00дөн 20:00гө чейин чукул кызматтарга 2 518 билдирүү түшкөн. Жалпысынан 1 277 суу каптоо жана 15 жер көчкү катталган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 8 миң кызматкер жана 2 миң техника тартылган. Куткаруу иштери уланып, кооптуу аймактарда жол кыймылына чектөөлөр киргизилген. Катуу жаандан улам 15-октябрда Стамбулдагы мектептерде сабактар да токтотулган.