www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча 15-17-октябрда Армения Республикасында болот.
Сапардын алкагында президент БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлердин саммитине катышат.
Мамлекет башчысы ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.
Сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.