www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым аймактарында 22-октябрда суу өчүрүлөт

2026-жылдын 22-октябрында Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн түнкү 00:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Суунун өчүрүлүшү «ХБО» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Суу берүү токтотула турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Шабдан Баатыр, Субан Ата, Анкара, Молдокулов, Ахунбаев, Куйручук жана Курманжан Датка көчөлөрү, Чыгыш Чоң Чүй каналы жана Аламүдүн суусу.

Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү.

«Бишкексууканал» ишканасы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырып, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин колдонсо болот.

Последние новости