www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоого катышууга ниеттенген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча экзамендин «Жазуу» бөлүгүн кайра тапшыра алышат.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, субтесттен 50–59 балл алып, талап кылынган упайга жетпей калган жарандар үч жумуш күнүнөн кийин сынактын ошол бөлүгүн кайра тапшырууга укуктуу.
«Кыргызтест» мекемеси ички эрежелерге ылайык, белгиленген упай топтой албаган жарандарга субтестти кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилерин белгиледи. Демек, Суваналиев менен Жапыкеев мамлекеттик тил сынагынан биротоло өтпөй калды деп айтууга азырынча эрте.
Буга чейин Суваналиев менен Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча экзаменден жетиштүү балл топтой албаганы белгилүү болгон.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыз менен азырынча ишкер Аймен Касенов гана кайрылганы кабарланган.