www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швеция Евробиримдиктин кийинки жети жылдык бюджети боюнча сунушту колдогон жок. Өлкөнүн премьер-министри Ульф Кристерссон сунушталган план Швециянын биримдикке төлөй турган салымын 60 пайызга көбөйтөрүн айтып, аны кабыл алынгыс деп атады.

Швеция менен бирге Германия, Нидерланд, Дания, Финляндия жана Австрия бюджетти кыскартууну талап кылууда. Ал эми Борбордук жана Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрү айыл чарбасына жана жакыр аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды сактап калууну көздөшүүдө.

Бюджетти бекитүү үчүн Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүнүн макулдугу талап кылынат. Пикир келишпестиктер чечилбесе, жаңы бюджетти кабыл алуу кечеңдеп, биримдик ичиндеги экономикалык жана саясий карама-каршылыктар күчөшү мүмкүн.

Последние новости