www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш иши козголушу керектигин эскертти. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 12-октябрда Баткен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууга келген жарандардын бири күйөөсү экинчи аял алып, балдары менен үй-жайсыз калтырып жатканына арызданган. Бул суроого жооп берген Жапаров эркектерди үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырып, Кылмыш кодекси боюнча экинчи аял алгандарга иш козголушу керектигин айтты.
Президент прокуратура жана укук коргоо органдарына бул маселеге көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.