www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында 73 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 25-сентябрында саат 18:10 чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу 1953-жылы туулган аялдын денесинен зомбулуктун белгилерин аныктаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, 11-октябрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.