www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн акваториясында жүргүзүлгөн рейд учурунда 4 миң 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 11-октябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.

Адистердин белгилешинче, эски синтетикалык торлор балыктардын популяциясына жана көлдүн экосистемасына зыян келтирет.

Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддер улантылат.

Последние новости